STADA Kyrgyzstan
Компания жөнүндө
Ишенимдүү өнөктөш катары адамдардын ден соолугуна кам көрүү
STADA – 130 жылдан ашык убакыттан бери өзүнүн "Өнөктөштөр жана керектөөчүлөр менен ишенимдүү мамиле түзүү аркылуу адамдардын ден соолугуна кам көрүү" миссиясын аткарып келе жаткан эл аралык фармацевтикалык компания. STADA негизги багыттары – бул Consumer Healthcare (CHC) сегментинин продукциясы, дженериктер жана адистештирилген препараттар (анын ичинде биосимилярлар). Продукция дүйнөнүн 100 өлкөсүндө көрсөтүлөт.
2022-жылы КМШ өлкөлөрүнүн аймагы өз алдынча бизнес-бөлүмгө айланып, аталышы «STADA Евразия» деп өзгөртүлүп, Германиядагы штаб-квартирага түздөн-түз баш ийе турган болду. Аймакта 11 өлкөнүн өкүлдөрү бар: Казакстан, Өзбекстан, Беларусь, Азербайжан, Грузия, Молдова, Кыргызстан, Армения, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан.
STADA Евразия башкы кеңсеси Казакстандын Алматы шаарында жайгашкан. Компания ошондой эле аймактын көпчүлүк өлкөлөрүндө STADA Arzneimittel AG юридикалык жактарын каттаган. 2023-жылдын 01-апрелинен баштап STADA аймакта Sanofi компаниясынын рецептурасыз препараттары портфелин сунуштап келет.
STADA Евразия
Жетекчилик
Арминас Мацевичус, Наталья Гарипова
Бейтаптардын коопсуздугу
ФАРМАКӨЗӨМӨЛ
Адамдардын ден соолугуна жана жыргалчылыгына кам көрүү биздин компаниянын негизги алгачкылыгы болуп саналат. Сиз бейтап, камкорчу жемедициналык кызматчы болсоңуз дагы, Stada өнүмдөрүнө байланыштуу жагымсыз окуялар жөнүндө кабарлоо маанилүү. Сиз берген маалымат өнүмдөрүбүздүн жана бейтаптарыбыздын коопсуздугун камсыздоого жардам берет.
Жоопкерчиликтүү бизнес
КОМПЛАЕНС
Биздин компания этикалык ишкердик жүрүм-турумун сактоо жана комплаенсти кошкондо, бардык жагынан мыкты болууга умтулат. Миссиябызга ылайык, биз керектөөчүлөрдүн алдындагы жоопкерчилигибизди түшүнөбүз жана ошондуктан чынчылдык жана ак ниеттик маселелеринде компромисске барбайбыз.
Биз Жүрүм-турум кодексинде бекитилген мыйзам талаптарын жана баалуулуктарыбызды катуу жетекчиликке алабыз. Этикалык жана жоопкерчиликтүү ишкердик жүрүм-турум — бул биздин компанияга ишенимди бекемдөө үчүн негиз болуп кызмат кылган корпоративдик маданияттын ажырагыс бөлүгү.
Speak Up
Мыйзамсыз жүрүм-турум тууралуу билдирүү
Эгер сиз мындай туура эмес жүрүм-турум учурлары жөнүндө билсеңиз, бизге eurasia_compliance@stada.kz дареги боюнча жазыңыз же болбосо шилтеме боюнча өтүп, кайрылууну Порталда түздөн-түз толтуруңуз.
STADA компаниялар тобу алынган маалыматтын купуялуулугуна кепилдик берет.
Speak Up порталын ачууSpeak up Порталы жана Евразиянын Этика жана Комплаенс тобунун жалпы почта жашиги
Биз ар бир адам, компанияда иштеген же иштебегенине карабастан, компаниянын кызматкерлери, өнөктөштөр, жеткирүүчүлөр жана подрядчылар тарабынан этикага туура келбеген же мыйзамсыз жүрүм-туруму жөнүндө кабарлоого жөндөмдүү болушу керек деп эсептейбиз.
Бул максатта STADA компаниялар тобунда маалымдоо системасы киргизилген – бул Speak up Порталы, ошондой эле Евразиянын Комплаенс жана Этика тобунун жалпы почта жашиги (электрондук почта), бул инструменттер каалаган адамга учурлар жөнүндө жана нормалар менен талаптарды сактабоо фактылары жөнүндө билдирүүлөрдү жөнөтүүгө мүмкүндүк берет, атап айтканда, бирок алар менен чектелбестен:
- 01алдамчылык,
- 02коррупция,
- 03атаандаштыкты коргоо чөйрөсүндөгү бузуулар (монополияга каршы талаптар),
- 04таламдардын кагылышуусу.
Сиз пациенттердин жана керектөөчүлөрдүн жыргалчылыгы үчүн командалык ишти жакшыртуу боюнча бардык суроолор менен сунуштарды Комплаенс жана Этика Тобунун eurasia_compliance@stada.kz электрондук дарегине жөнөтө аласыз.
compliance@stada.deБАЙЛАНЫШТАР.
+996 755 111 448 Игембердиев көч., 1а Бишкек, 720005 Bishkek@stada.kg